БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жеңил атлет Дарья Маслова жайкы Азия оюндарындагы жеңишинен кийин убадаланган 1 миллион сомду алды. Сертификатты жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы тапшырды.
Буга чейин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Масловага 1 миллион сом ыйгарыларын билдирген.
Спортчу 10 чакырым аралыкты жарым сааттан ашык убакытта (37:07:27) чуркап өтүп биринчи болуп келген. Экинчи медалды үч күндөн соң 5 чакырым аралыкка жарышып экинчи (15 мүнөт 30,57 секунд) келгендиги үчүн алган.