БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бүгүн Азербайжан мамлекеттик академиялык драма театры Бишкекте "Маңкурт" спектаклин кыргызстандык көрүүчүлөргө тартуулайт. Бул туурасында Азербайжандын КРдеги элчилигинен кабарлашты.
Спектакль улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде даярдалган.
Азербайжан театры "Маңкуртту" Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык театр фестивалынын алкагында алып келген.
Элчиликтен спектаклдин көркөм жетекчиси менен режиссеру Анар Бабалы, режиссеру Изам Бабаев экендигин билдиришти.