Билими:
1983 — Ош мамлекеттик университети, музыка факультети.
Эмгек жолу:
1984 – 1986 — Жалал-Абад педагогикалык училищесинде окутуучу;
1986 – 2002 — Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин доценти, окутуучу;
2002 – 2005 — Искусство факультетинин деканы;
2005 – 2007 — Ош мамлекеттик университетинин биринчи проректору;
2007 — Жогорку Кеңештин IV чакырылышына "Ак Жол" партиясынан депутат болуп келген. Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы;
02.2010 – 04.2010 — Мамлекеттик маданият агенттигинин директору;
10.2010 — Жогорку Кеңештин V чакырылышына "Ата-Журт" партиясынан депутат;
12.2010 – 12.2011 — Социалдык маселелер боюнча КР вице-премьер-министри;
12.2011 – 02.2013 — КР маданият жана туризм министри;
2014-жылдын 17-сентябрынан тарта Кыргызстандын Түркиядагы элчиси.
Башка маалыматтар:
Кыргызстандын эмгек сиңирген жана эл артисти наамы бар.
200дөн ашык ырдын автору. Түркияда, Германияда, Голландияда жеке концертин берген. Борбор Азиянын жана Индиянын эл аралык фестивалдарына катышкан.
Үй-бүлөлүү. Кыргыз, орус, түрк жана өзбек тилдерин билет.