Телмире тиктеген ак илбирс. Ысык-Көлдөгү фотокапканга түшкөн жапайы жаныбарлар

Адистердин баамында, жыл өткөн сайын ак илбирстин башы көбөйүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы тоолорго коюлган фотокапканга ак илбирс, мадыл, аркар-кулжа баштаган сейрек кездешкен жапайы жаныбарлар түшүп калды. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы жаратылышты коргоо союзунун (NABU) маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, фотокапканга жаныбарлар октябрь айында түшкөн. Буга чейин жайында тартылган сүрөттө беш ак илбирс аныкталган. Ал эми акыркы сүрөттөрдөгү маалымат боюнча алардын саны онго жеткен. Сары-Жаз, Кайыңды жана Эңилчек өрөөндөрүнө 18 даана фотокапкан орнотулган.

1 / 3
Ысык-Көл облусундагы тоолорго коюлган фотокапканга ак илбирс, мадыл, аркар-кулжа баштаган сейрек кездешкен жапайы жаныбарлар түшүп калды.
2 / 3
Фотокапканга жаныбарлар октябрь айында түшкөн.
3 / 3
Сары-Жаз, Кайыңды жана Эңилчек өрөөндөрүнө 18 даана фотокапкан орнотулган.

NABU уюмунун белгилешинче, жыл өткөн сайын ак илбирстин башы көбөйүп жатат.

Тянь-Шань тоолорун кандай жаныбарлар байырлай турганын материалдан көрүңүздөр.