Тажикстанда күндүз той берген киши 530 доллар айып пулга жыгылды

Тажикстанда мыйзамга ылайык, той дем алыш күндөрү 8.00дөн 22.00гө чейин, иш күндөрү 18.00дөн 22.00гө чейин өткөрүлүшү керек.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Тажикстандын Гиссар шаарынын тургуну кыз узатуу тоюна күндүз конок чакыргандыгы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасына шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Кымбат колуктулардын калыңын бөлүп төлөгөндөр бар. Таластык ишкердин маеги
Маалыматка караганда, кызын күйөөгө берип жаткан жаран эртең мененки 7.00дөн 10.00гө чейин кошуналарын үйүнө чакырган. Ал эми кечкисин 50гө жакын тууган-туушканын чакырып, той өткөргөн. Мунусу үчүн ал мамлекеттик казынага 530 доллар төлөп бермей болду.

Белгилей кетсек, Тажикстанда "Той, салтанаттарды иретке келтирүү" боюнча мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде тойлор дем алыш күндөрү 8.00дөн 22.00гө чейин, иш күндөрү 18.00дөн 22.00гө чейин өткөрүлүшү керек.

Ал эми үлпөт тойдун узактыгы үч сааттан ашпашы зарыл.