Шаршембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя — Sputnik. 14-ноябрда өлкө боюнча күн ачык болору күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абайлаңыздар! Боомдун жолуна муз тоңду. Видео
Билдирүүгө ылайык, Чүй облусунда 0…+5, Таласта —4…-9 градус суук болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +3…+8 градуска жетет.

Ысык-Көл жана Нарын аймагында 0…-5 градус суук болору болжолдонду.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Бишкекте —2…-4, Ош шаарында +5…+7 градуска чамалап барат.