Париждеги жыйын: уктаган король, угуп отурган спикер Дастан Жумабеков. Видео

Интернет айдыңында Париж шаарында Эммануэль Макрон сүйлөп жатканда Марокконун королу Мухаммед VIнын уктап отурган видеосу тарады. Аны RT ресурсу жарыялады.
Sputnik

Депутаттар чын жүрөктөн эмнеден уяларын айтып беришти. Видео
Арткыраак катарда Франция башчысынын сүйлөгөнүн кунт коюу менен угуп отурган Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековду байкоого болот. Кулакчын кийген төрага котормочунун кызматынан пайдаланган.

Маалыматта америка лидери Дональд Трамп жанындагы куш уйку салган коңшусун жактырбагандай таризде караганы да жазылган.

Эске салсак, Дүйнөлүк биринчи согуштун аяктагандыгынын 100 жылдыгына карата Париж шаарында 60 мамлекеттин жетекчилеринин катышуусунда чоң жыйын өтүп жатат.

Ага ЖКнын спикери Жумабеков баштаган кыргыз делегациясы жөнөп кеткен.