Кара-Кулжада көчкү түшүп, Мырза-Аке — Алайкуу жолу жабылды

Көчкүдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Sputnik

ОШ, 13-ноя. – Sputnik. Кара-Кулжа районунда Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 75-76-чакырым аралыгында кар көчкү түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

Ага ылайык, көчкү бүгүн, 13-ноябрда, саат 06:10 чамасында түшкөн.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Жерине Кара-Кулжа райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери жана үч техника тартылган. Учурда көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.