Бишкекте каршы тилке менен жүргөн №38 автобустун айдоочусу жазаланды

Автобустун айдоочусу тартип сакчыларга экинчи жол эрежесин бузбай турганын айтып сөз берген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкекте жолдун каршы тилкеси менен айдаган №38 автобустун айдоочусу жазаланды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкек ЖКККББнын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн начальниги Белек Алымов билдирди.

№38 автобустун айдоочусу жол тыгындан улам каршы тилкеге чыгып 100 метрдей жүргөн. Окуя "Кудайберген базарына жакын аймакта болгон. Салондун ичинде жүргүнчүлөр отурган. 

Ичинде эли бар автобус Бишкекте каршы тилкеге чыгып кеткен видео

"Автобустун айдоочусу ким экени такталып, милицияга чакыртылды. Кийин протокол түзүлүп, Административдик кодекстин 235-беренесине ылайык 1000 сом айыпка жыгылды", — деди Алымов.

Ал ошондой эле айдоочу экинчи мындай кайталанбай турганына сөз бергенин кошумчалады.