Бала сатууга шектелген гинекологдун бири экс-жетекчиси менен соттошуп жатат

№1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун бир катар гинекологдору мурунку директорун акча алган деп айыпташууда.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатууга жана мыйзамсыз аборт жасоого шектелип, №1 тергөө абагына камакка алынган гинекологдордун бири тагылган айыптын өзгөрүшүнөн улам бошотулганын Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

Эскерте кетсек, 7-сентябрь күнү Бишкекте бала сатуу жана мыйзамсыз аборт жасаган деген шек менен бир нече гинеколог кармалып, сегизине айып коюлган. Маалыматка ылайык, үчөө №1 жана №8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жана Шаардык перинаталдык борборунда (№4 төрөт үйү) иштеген. Тергөө абагына беш медик киргизилип, аларга 116 (Мыйзамсыз аборт жасоо), 124 (Адам сатуу) жана 350-беренелер (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр, бланкаларды жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголгон

Гинекологдор ымыркайларды кимге сатканы маалым болду
Милициядагы булактын айтымында, кое берилген гинекологдун айыбы Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" беренесине өзгөртүлүп, ал эч жакка чыкпоо боюнча тил кат жазып берген.

Ушу тапта ал бир нече кесиптеши менен биргеликте мурунку жетекчиси менен соттошуп жатканы белгилүү болду. Бүгүн, 13-ноябрда, Бишкектин Ленин райондук сотунда алар жабырлануучу катары №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мурунку директоруна доомат коюшту. Медиктердин айтымында, жетекчи 2017-жылы ай сайын кол алдындагылардан 1000 сомдон акча алып турган.

"Жаңы директорубуз А.Ш. ижара акысынан тышкары 1000 сомдон талап кылып жатканын бөлүм башчыбыз былтыркы жылдын февраль айында айтып келди. Ошондон тарта акча чогулта баштадык, бөлүм башчыга берчүбүз, ал директорго алып барчу. Бул 11 айга чейин, 2017-жылдын соңуна чейин уланган", — дешти медиктер.

Бирок бири дагы бөлүм башчынын директорго акча алып барып бергенин көргөн эмес. Ал эми айыпталып жаткан жетекчи гинекологдордун тобу мыйзамсыз иштеринен шек алып байтапкананын аборт жасаган жайын жаап салгандан кийин күнөөлөп жатканын айтып берди.

"Гинекологдордун экөө бала сатууга жана мыйзамсыз аборт жасоого шектелип кармалган. Азыр алар мени акча алчу деп негизсиз айыптап жатышат", — деди ал.

Азырынча күнөөлөп жаткан тараптын экс-жетекчинин акча талап кылганы тууралуу эч кандай далили жок.