БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкектеги 12-кичирайондо жаңы сквердин ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
0,22 гектар жерди ээлеген сквер "Бишкекзеленхоз", "Тазалык", "Бишкексвет" муниципалдык кызматтары тарабынан жакшыртылган.
"Скверге брусчатка төшөлүп, балдар үчүн аянтча, машыгуучу шаймандар, отургучтар жана таштанды челектер орнотулду", — деп айтылат маалыматта.
Бакчанын ачылышына калаа тургундары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов катышкан.