Тогуз-Тородогу жаратылыш паркына фотокапкан коюлду

Фотокапкандар жапайы жаныбарларды илимий жактан изилдөөгө чоң жардам берет.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Тогуз-Торо районундагы "Кан-Ачуу" жаратылыш паркына фотокапкандар коюлду. Бул тууралуу ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коммуникация боюнча консультанты Мирлан Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, жаратылыш паркынын аймагына жергиликтүү жаныбарларды жакындан таануу үчүн биринчи жолу фотокапкан орнотулду. 

Установка фотоловушек в природном парке "Кан-Ачуу"

"Жергиликтүү аң сакчыларга (егерь) фотокапкандарды колдонуу жана жапайы жаныбарлардын көбөйүшүн илимий жактан изилдөө боюнча атайын окуулар уюштурулду. Орнотулган гаджеттер тигил же бул жапайы жаныбардын жүргөн жерин так аныктай алат. Ошондой эле илимий жактан маанилүү болгон маалыматтарды алууга жардам берет", — деп айтылат маалыматта.

Фотокапкандар жаныбарлардан тышкары браконьерлерди да аныктоого көмөктөшөт.

Мындай аракеттер Кыргызстандын башка аймактарында да жүргүзүлгөн. Мисалы, Талас облусунун бийик тоолорун байырлаган ак илбирс фотокапканга түшүп калган.