БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Ага 25 атайын техника, карды тазалоочу 18, кум чачкан, кар жүктөгөн жана универсалдуу бир нече автоунаа иштеген.
Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан жолдор менен тротуарларды тазалоо улана тургандыгын билдиришти.
Тротуарларды тазалоого 740 кызматкер тартылып, шаарды санитардык тазалоодо 113 техника иштеп жаткандыгы кабарланды.
Анткен менен эртең мененки саат тогузда Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрү тайгалак болгондугу байкалды.
"Тазалык" ишканасынан жол четинде токтотулган автоунаалар жолду тазалоого тоскоолдук кылгандыгын айтып, аларды алып коюуну суранды.