Россияда башка өлкөнүн жараны Кыргызстандын паспорту менен жүргөнү аныкталды

Учурда жасалма документти даярдаган тараптарды аныктоо үчүн аракеттер көрүлүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Москвада Кыргызстандын жасалма паспортун колдонгон киши кармалды. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Сызга отургузуп кеткен. Бишкекте 585 миң жасалма рублди алмаштырган киши издөөдө
Билдирмеге караганда, Б.А. аттуу коңшу өлкөнүн жараны белгисиз адамдарга акча берип, өзүнүн атына Кыргызстандын паспортун жасатып алып (ID-card) Россиянын аймагында жүргөн.

Аталган факты боюнча Б.А. аттуу кишиге Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 3-бөлүгү (жасалма документ колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда жасалма документти даярдаган тараптарды аныктоо үчүн аракеттер көрүлүп жатат.