Францияда Меркелди президент Макрондун аялы менен алмаштырып алышты. Видео

65 жаштагы Бриджит Макрон Меркелден бир эле жашка улуу.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Биринчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдыгы белгиленип жаткан Францияда лидерлер менен баарлашып жаткан француз аял Германия канцлери Ангела Меркелди өлкө президентинин жубайы Брижит Макрон менен алмаштырып алды. Ыңгайсыз окуя тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Эскерте кетсек, ишемби күнү Меркель менен президент Эммануэль Макрон 1918-жылдын 11-ноябрында Компьен элдешүүсүнө кол коюлган Ретонд коммунасына барышкан. Эки лидер чогулган эл менен учкай сүйлөшүүгө жетишкен.

BFMTV телеканалына чыккан видеодо улгайган аял Макрон менен учурашып, кол алышуусун "фантистикалуу" деп атаган. Андан соң жанында турган Меркелге кайрылып: "Сиз Макрон айымсызбы?"- деп сураган. Меркель ага немис тилинде: "Германия канцлери" деп жооп берген.

Бирок жүз жаштагы аял Меркелдин бир нече ирет канцлер экенин айтканына карабай, Франциянын биринчи айымы менен баарлашып жатам деген ишеничте болгон. Ал эми алмаштырып аялган аялдар тең чамалаш. 65 жаштагы Брижит Макрон Меркелден бир эле жашка улуу.