Трамп Путин, Меркель жана Макрон менен өзөктүк куралдар жөнүндө баарлашты

АКШ лидеринин маалымат катчысы жолугушуу натыйжалуу өткөнүн айтууда.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Парижде Дональд Трамп Владимир Путин, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана башка дүйнөлүк лидерлер менен натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу РИА Новости АКШ лидеринин маалымат катчысы Сара Сандерске шилтеме берип жазды.

Сандерс лидерлер өзөктүк куралдар боюнча келишим, орточо жана жакынкы аралыкка атылчу ракеталарды жок кылуу, соода-сатык, санкция, Сирия, Сауд Аравия, Афганистан, Кытай жана Түндүк Кореядагы абал тууралуу кеп кылышкан.

"Алардын жолугушуусу эки саатка созулуп, натыйжалуу өттү", — деди Сандерс.

Буга чейин Путин дагы Париждеги Трамп менен жолугушуусу ийгиликтүү өткөнүн билдирген болчу.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-ноябрда, Франциянын борбору Парижде биринчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдыгынын урматына арналган салтанат болуп өттү.