БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкекте №105 жана 464-сериядагы үйлөрдүн сырткы көрүнүшүнүн эскиздери көрсөтүлгөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Учурда борбор калаада архитектуралык эки конкурс өтүп жатат. Биринчи сынактын максаты — аталган сериядагы үйлөрдүн жылуулук техникалык абалын жана имараттын дизайнын жакшыртуу. Экинчисиники, жаңы конуштарга салына турчу бир бөлмөлүү үйлөрдүн долбоорун аныктоо болуп саналат.
Конкурс быйыл май айында Кыргызстандын архитекторлор союзу тарабынан жарыяланган. Ага келип түшкөн эмгектерди карап чыккан калыстар экинчи орунду Юрий Смирновдун архитектуралык студиясына ыйгарса, үчүнчү орунга Бейсен Кариевдин чыгармачыл тобу татыды. Биринчи орун үчүн болгон атаандаштык уланат.