Бишкекте үй-жайы жоктор үчүн баш калкалоочу жайлар ачылды. Даректер

Аталган жайлар март айына чейин иштейт.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Суук түшкөнүнө байланыштуу Бишкекте үй-жайы жок адамдарга туруктуу жана убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылып, 160 адам жайгаштырылды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Биринчи май району

Жибек Жолу №413 дарегинде "Коломто" үйү иштеп жатат. Ичине 70-100 адам батат. Учурда ал жакта 70 киши жашап жатат. Аларга бир маал ысык тамак берилет. Директору Айгүл Сманалиеванын байланыш номери — 30-48-55.

Ленин району

Зарыл болгондо издеп калбаңыз. Муниципалдык кызматтардын телефон номерлери
"Центр милосердия" борбору Трудовая 10 дарегинде жайгашкан. Ага кыйчалыш абалда калган балалуу аялдар бара алат. Учурда 11 аял 17 баласы менен жашап жатат. Директору Уркуя Исманова. Байланыш номерлери: 0312-64-48-71, 0550-54-66-22.

Свердлов району

Фере 34 дарегинде орун алган баш калкалоочу жайдын даректүү жардам көрсөтүү бөлүмүнүн адиси Зеркинбек Мамаев. Байланыш номерлери: 0312-36-03-35, 0556-56-46-56.

Октябрь району

Бул аймактагы жардамга муктаждар 12-кичирайондогу ыңгайлаштыруу комбинатындагы баш калкалоо жайына барса болот. Адис Сталбек Эсенкуловдун байланыш номери: 0708-88-02-18.

Аталган жайлардын баары ноябрь айынан март айына чейин иштеп, күнүнө 100 кишиден кабыл алат. Туруктуу жашоочу жерлери жок жарандар бул жайларга түнөп, аларга бир маал ысык тамак берилет.