Борбор калаада мода жумалыгы уюштурулат

Жумалыкта ата мекендик өндүрүшчүлөр менен жаш дизайнерлер ортосунда сынак өткөрүлүп, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болот.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкекте мода жумалыгы өткөрүлөт. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ишенүү кыйын! Убагында бул 9 товар Кыргызстандан бүт дүйнөгө тараган
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында 13-16-ноябрь күндөрү ата мекендик өндүрүшчүлөр менен жаш дизайнерлер ортосунда сынак өткөрүлүп, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулат.

Андан сырткары, эки күн бою ишкерлер менен мамлекеттик органдардын катышуусунда текстиль-тигүү тармагын өнүктүрүүгө арналган тегерек стол уюштурулат. Соңунда тийиштүү мекеме жана ишканаларга сунуштар берилет.