Бети жарылып, колу-буту кайрылган спортчулар. WEF турниринин видеосу

Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында аралаш мушташ боюнча WEF Global 14 жана Arzalet FCG биргелешкен турнири болуп өттү.
Sputnik

Турнирде жалпысынан 19 беттеш болсо, анын бешөөсүндө чемпиондук кур ойнотулду.

Дүйшөбай Бактыбек уулу япониялык атаандашы Ямагучирио Ройду төртүнчү раундда муунтуу ыкмасы менен жер каратып, WEF Global уюмундагы чемпиондук курун коргоп калды

Өзбекстандык мушкер Нурсултан Рузибоев дагы бразилиялык атаандашы Маргос Соузаны техникалык нокаут менен утуп, наамын сактады

Муунган, кучакташкан, тилин сунган мушкерлер. WEF Global 14 турнири сүрөттө
"Золотой" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Алтынбек Мамашев монголиялык Баткунх Бурензоригди экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңип, WEF уюмунун ProfFight лигасынын чемпиондук курун утуп алды

Эки кыргызстандык мушкер — Санжар Ажибаев жана Абдулгаджи Газиев алтын кур үчүн беттешип, Ажибаев жеңүүчү аталды.

Ошондой эле кыргызстандык Байзак Ракыев менен япониялык Ю Фужумаки кармашкан. Кур конокторго буюрду.

Рейтинг үчүн кызыктуу беттештердин бирин "Тайсон" каймана аты менен таанымал Канат Келдибеков тартуулады.

Кечени белгилүү америкалык ринг-анонсер Ленне Хардт менен кыргызстандык Кайрат Мусаев тейледи.

Турнирге Орто Азиянын, Япониянын, Монголиянын, Бразилиянын жана Россиянын спортчулары катышты.