Муунган, кучакташкан, тилин сунган мушкерлер. WEF Global 14 турнири сүрөттө

Sputnik

"Тайсон" тажик атаандашын баш көтөртпөй жеңип алды. Беттештин видеосу
Мелдеш Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында болду. Жалпысынан 19 беттеш болсо, анын бешөөсүндө чемпиондук кур ойнотулду.

Кечени белгилүү америкалык ринг-анонсер Ленне Хардт менен кыргызстандык Кайрат Мусаев тейлеген.

Турнирге Орто Азиянын, Япониянын, Монголиянын, Бразилиянын жана Россиянын спортчулары катышты.

1 / 20
Залдын ичи жарылып кетейин деди го... Кечени белгилүү америкалык ринг-анонсер Ленне Хардт тейледи
2 / 20
Турнирде кыргызстандык Нургазы Балтабаев менен күч сынашкан монголиялык Нардин Эрдене тыныгуу учурунда
3 / 20
Оператор, фотографтар турнирди ушинтип туруп чагылдырат. Башка арга жок
4 / 20
"Бойка" октагонго чыкканда залга жан киргендей эле болду. Ал күрөш дегенди билбейт, бир гана сокку менен утат
5 / 20
Партер абалында колу-бутту кайруу, муунтуу ыкмалары жеңишти камсыздоого мүмкүнчүлүк берет
6 / 20
Грэпплинг боюнча Азия чемпиону Расул Тезекбаев россиялык Рамзан Ахматов менен кармашуу учурунда
7 / 20
"Тайсон" Канат Келдибеков калың элдин коштоосунда октагонго бет алууда
8 / 20
"Тайсон" тажик мушкерин баш көтөртпөй жеңип алды
9 / 20
Жеңишке маашырланбастан атаандаштын абалын сурап коюу ашыктык кылбайт
10 / 20
Мушкерлердин тагдыры Садык Ашировдун колунда. Ал калыстыктан көзүн алды дегиче бири жабыр тартып калышы мүмкүн
11 / 20
Эрежесиз уруштун да эрежеси бар. Мисалы, алага тебүүгө болбойт
12 / 20
"Бойканын" аткаруусундагы лоу-кик (санга тебүү. — ред.)
13 / 20
Оор кармашта машыктыруучунун кеңеши суудай эле керек
14 / 20
Эки кыргызстандык мушкер Санжар Ажибаев менен Абдулгаджи Газиев
15 / 20
Газиевден утулган Ажибаев мушташ учурунда бармагын көрсөтүп сүрөткө түшкөнгө да жетишти
16 / 20
Коноктордун маңдайы жарыла сүйүнүп турган чагы. Япониялык Ю Фужумаки кыргызстандык Байзак Ракыевди утуп, чемпиондук курду тагынды
17 / 20
Мушкер башын ылдый тартты дегичекти муунтуу ыкмасына кабылат
18 / 20
Чемпиондук курга бөлөнгөн Бактыбек Дүйшөбай уулу...
19 / 20
...ал япониядан келген Рой Ямагучириону үчүнчү раундда муунтуу ыкмасы менен уткан
20 / 20
Спортто Blake каймана атын алган өзбекстандык Нурсултан Рузибоев бразилиялык атаандашын жер каратып, чемпиондук наамын коргоп калды.