Соцтармак кызыктары: каршылашын тоголото сүзгөн кочкордон "робот" келинге чейин

Социалдык тармаксыз жашообузду элестете албай калдык го. Кызык окуяга туш болсок, жакшы тамак жеп, жаңы көйнөк алсак да дароо соцтармакка жүктөгөнгө ашыгабыз. Айтор, азыр элдик репортер, оператор, блогерден көп неме жок.
Sputnik

Аптаны жыйынтыктап Sputnik Кыргызстан агенттиги дал ушул элдик репортер, операторлор тарткан соцтармактагы кызыктуу видеолорду сунуштайт.

Конордон кем калбаган таластык электрик. Алмира Абидинова аттуу колдонуучу Facebook баракчасына "таластык электриктер кыйын",- деп атайын шайманы менен мамыга чыгып бараткан кишинин видеосун жүктөгөн.

Колдонуучулар видеонун алдына "электрик белгилүү UFC мушкери Конор Макгрегордон ашып кеткен го" деген сыяктуу билдирүүлөрдү калтырышууда.

Тойдогу робот-келин. Тойдо 80-90 жаштагы абышка, кемпирлердин бийлегенин көргөнбүз, бирок ак жоолукчан жаш келиндин тартынбай роботту туураганын көргөндөр чанда чыгаар. Бийчи Атай Өмүрзаковдон кем калбаган келиндин тойдогу видеосун көрүп, бир жылмайып алыңыздар. 

Коляскадагы күйөө. Коляскадагы күйөөсү менен "Жар-жарга" чыккан колуктунун видеосу көпчүлүктүн жүрөгүн элжиретти. Колдонуучулар аталган үлпөт той Токтогулда өткөнүн жазышууда.

Кочкорлордун "беттеши". Instagram колдонуучулары "Таластагы мушташ" деп кочкорлордун "беттешин" видеого тартып алышкан. Анда көрүнүп тургандай, ак кочкор менен кара кочкор сүзүшүп, жыйынтыгында ак кочкор атаандашын "нокаутка" кетирген.