Москвада Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын декадасы өтүүдө

Маданий иш-чара 14-ноябрга чейин уланат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык салтанатына арналган мааракелерди өткөрүү иш-чараларынын алкагында Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынын жана Россиянын маданият министрлигинин колдоосу менен 4-14-ноябрда Москва шаарында иш-чаралардын экинчи цикли башталган. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Айтматов жана театр... Бишкекте эл аралык фестиваль өтөт
Москванын "Звезда", "Факел", "Юность" кинотеатрларында кыргыз кино тасмаларынын он күндүк көрсөтүүсү менен кинодекада ачылды. Он күндүн ичинде "Ак кеме, "Кызыл алма", "Караш-караш окуясы", "Бойго жетелектерге бейтапкана", "Ак илбирстин тукуму", "Зной", "Фудзиямада кадыр түн" тасмалары көрсөтүлөт.

Ал эми 9-ноябрда Россиянын кинематографисттер Союз үйүнүн Ак залында дүйнөгө белгилүү жазуучу, улуу гуманист, коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган иш-чара болуп өттү.

Салтанаттуу кеченин ачылышына улуу жазуучуну эскерүү үчүн Россиянын маданият, адабият, кино тармактарынын өкүлдөрү, М.И.Рудомино атындагы Бүткүл россиялык чет өлкөлүк адабият боюнча Мамлекеттик китепкананын кызматкерлери, Москванын алдыңкы ЖОЖдорунда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер келишти. Андан сырткары, Москва шаарындагы кыргыз, казак, тажик, түрк жана башка диаспоралардын жетекчилери, өкүлдөрү, Евразиялык экономикалык комиссиянын, ошондой эле Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери келип катышты.