Медреселердин мүдүрлөрү билимин жогорулатууда

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев билим берүү сапатын жогорулатып, бирдиктүү окуу программасынын негизинде иштөө керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү үчүн "Диний билим берүүнүн коомдогу орду" аталышында окуу семинары башталды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

1 / 4
Өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү үчүн "Диний билим берүүнүн коомдогу орду" аталышында окуу семинары башталды
2 / 4
Семинардын ачылыш салтанатына муфтий Максатбек ажы Токтомушев, "Бүткүл дүйнөлүк Куран жана сүннөт" уюмунун өкүлү доктор Ахмад Сайфуддин Туркистаний, муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов жана окуу бөлүмдүн кызматкерлери катышты
3 / 4
Токтомушев диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө билим берүү сапатын жогорулатуу, бирдиктүү окуу программасынын негизинде иштөө, студенттердин окуусун жакшыртуу жана алардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу керектигин белгиледи
4 / 4
Ошондой эле окуу үчүн жакшы шарттарды түзүп берүү керектигин айтты.

Семинардын ачылыш салтанатына муфтий Максатбек ажы Токтомушев, "Бүткүл дүйнөлүк Куран жана сүннөт" уюмунун өкүлү доктор Ахмад Сайфуддин Туркистаний, муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов жана окуу бөлүмдүн кызматкерлери катышты.

Кыргызстанда имамдар үчүн колдонмо китептер чыгат
Токтомушев диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө билим берүү сапатын жогорулатуу, бирдиктүү окуу программасынын негизинде иштөө, студенттердин окуусун жакшыртуу жана алардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу керектигин белгиледи. Ошондой эле окуу үчүн жакшы шарттарды түзүп берүү керектигин айтты.

Ал андан сырткары, диний окуу жайлардын окуучулары арасында Куран жарышын жана хадистердин сынагын уюштуруу керектигин айтып, бул сынактардын алдыңкыларын бүткүл дүйнөлүк жарыштарга чыгаруу керектигин кошумчалады.