БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Казакстандын Костанай облусунда канаты сынып, жылуу жакка учуп кете албай калган ак куу асыроо жайына жеткирилди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Куштар менен чогуу учуп кете албай калган ак кууга жергиликтүү тургундар жем ташып, социалдык тармактарда талкуу жаралган. Суук түшө баштаганда канаттуунун алы кетип, эч нерсе жебей калган.
"Мындан улам жергиликтүү бийлик аны бул жакта калтыруу кооптуу экенин түшүнүп, жакын жердеги жапайы куштарды асыроочу жайга жеткиришти", — деп жазылат макалада.
Азыр ал башка суу куштары менен күн көрүп, акырындык менен өзүнө келе баштаганы айтылат.