"Ислам азыркы светтик мамлекетте" аттуу эл аралык конференцияда дин жаатындагы көйгөлүү маселелер жана аны чечүү жолдору талкууланат. Бул тууралуу Алтынбек Эркинбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган иш-чарага Азия, Европа, Америка жана Африка өлкөлөрүнөн катышуучулар келет.
"Жыйынга дүйнөнүн төрт бурчунан дин ишмерлери, академиктер, эксперттер келишет. Акыркы жылдары массалык маалымдоо каражаттарында, интернет булактарында диний-экстремисттик материалдар көбөйүп бараткандыгын байкап жатабыз. Ушул жана башка дагы бир топ көйгөйлөр боюнча пикир алмашуу болот. Анда дин таануу багытындагы билим берүүнүн моделин иштеп чыгууга аракет кылабыз," — деди Эркинбеков.
Ал конференция Кыргызстанда быйыл экинчи ирет өтүп жатканын кошумчалады.