БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Ош облусунда бир адамдын өмүрүн кыйган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Жол кырсыгы Ош — Кара-Суу жолунда, тагыраагы, Кара-Суу районунда 10-ноябрга караган түнү болду. Mercedes Benz автосу жүк ташуучу МАЗ унаасын сүзүп алган.
Алдын ала маалыматка караганда, жеңил унаанын айдоочусу Савай айыл өкмөтүнүн тургуну, ал рулду башкара албай калып кырсык болгон жерден жан берген.
Жеринде милиция иштеп, тиешелүү экспертизалар дайындалууда.