Кыргызстандык “Тайсон” атаандашын техникалык нокаут менен жеңди

Мушкер октагондо 66 килограмм салмакта күч сынашты.
Sputnik

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. "Тайсон" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков тажикстандык атаандашы Фаридин Шомуротовду техникалык нокаут менен утуп алды. 

Ушул тапта Бишкекте WEF Global 14 жана Arzalet FC биргелешкен турнири өтүп жатат. 

Мушкер Узгенбаева: 9 кг салмак таштадым эле, атаандашым келбей калды
Мушкерлер октагондо 66 килограмм салмакта күч сынашты. “Тайсон” аралаш мушташ боюнча 10 мелдешти утуп, үч ирет жеңилген. Ал быйыл WFCA (World Fighting Championship Akhmat. — ред.) лигасы менен келишим түзгөн.

Ал эми атаандашы муай-тай жана оксуз кармашуу боюнча Тажикстандын чемпиону.

Белгилей кетсек, Канат Келдибеков россиялык Зоур Касумов менен беттешери айтылган, бирок каршылашы белгисиз себептерден улам келбей калгандыктан, тажикстандык мушкер менен кармашты.