БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Ала-Арча дарыясынын жээги кышка карата бекемделүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, учурда дарыянын Рыскулов көчөсүндөгү бөлүгүнө узундугу 150 метр, туурасы 40 сантиметр жана бийиктиги 4 метр болгон тосмо орнотулууда.