Айтматов жана театр... Бишкекте эл аралык фестиваль өтөт

Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюлуп, фестивалдын катышуучулары кызыл килемден басып өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 12-17-ноябрь күндөрү "Айтматов жана театр" эл аралык театр фестивалы өтө турганын Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Рыскул кызы билдирди.

Таласта балдар Айтматовдун жараткан образдарын сахнага алып чыгат
Анын айтымында, салтанаттуу ачылыш 12-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда саат 11.00дө башталат. Ага чейин Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюлуп, фестивалдын катышуучулары кызыл килемден басып өтөт.

Фестивалда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдери менен Кыргызстандын бардык театрлары, ошондой эле коңшу Казакстандын, Россия, Тажикстан, Азербайжандын актерлору өнөрүн тартууламакчы.