Назарбаев Путинге алтын жалатылган камчы белек кылды

Камчынын алтын жалатылган сабы таштар менен кооздолгон.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Павлодарда өтүп жаткан аймактар аралык форумдун туристтик жармаңкесинде РФ президенти Владимир Путинге колго жасалып алтын жалатылган камчы белек кылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Камчынын алтын жалатылган сабы баалуу таштар менен кооздолгон. Адатта мындай белек жогорку даражалуу конокторго берилет.

1 / 2
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Павлодарда өтүп жаткан аймактар аралык форумдун туристтик жармаңкесинде РФ президенти Владимир Путинге колго жасалып алтын жалатылган камчы белек кылды
2 / 2
Иш-чарада кара күчтүн атасы делген Сергей Цирульников эки өлкө президенттерине күчүн көрсөттү. Анын ийип салган мыгынын түйүнүн Назарбаев менен Путин жандыра албай койгон.

Иш-чарада кара күчтүн атасы делген Сергей Цирульников эки өлкө президенттерине күчүн көрсөттү. Анын ийип салган мыгынын түйүнүн Назарбаев менен Путин жандыра албай койгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Путиндин Бишкекке келген маалында ак боз аргымак тартуулаган.