Жаракат алган терини тырыгы жок бүтүргөн гель чыкты

Жаңы каражаттын сыйпагандан кийин денени ырбатпай, кан тамырларды жакшыртары айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кытайлык окумуштуулар тобу жибек протеининин негизинде жабырланган терини тырыгы жок бүткөргөн гель ойлоп чыкты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Окумуштуулар ага жибек буласында кездешкен серицин затын колдонгон. Буланы жибектен алып чыккандан кийин окумуштуулар ультра сыя-көк түстү жана фотоинициаторду колдонгон. Муну менен алар заттын белоктук чынжырчалардын (белоктордун) байланышын толугу менен изилдеп чыккан.

Диетологдор ден соолукту ала турган эң зыян азыктарды атады
Мунун аркасынан алар клеткаларга кошулуп кете алган, организмдин чоочун заттарды танбай кабыл ала берүүсүн шарттаган гелди ойлоп чыгышкан. Мындан сырткары, ал денени ырбатпай, кан тамырларды жакшырта турганы айтылган.

Гель мындай жол менен теринин клеткасын жөнгө салып, жарааттын ордуна тырык эмес, жаңы теринин пайда болушун шарттаган. Бул дарынын антиспетикалык касиети да кошо камтылганы айтылат. Мындан улам бактерия жараатка түшпөй, жабырланган тери тез камдашып, айыгып кеткен.

Окумуштуулардын айтымына караганда, аталган гелдин жараатты дарылоодо, тырыктардын алдын алууда жардамы чоң. Илимпоздор бул жаңы каражатты дагы бир ирет жакшылап изилдеп чыккан соң кеңири колдонууга чыгарын билдирген.