Индиялык саясатчы эл алдында жалындап сүйлөп жатып шымсыз калды. Видео

Кызыгы, ал өзүн "жоготуп" койбой уу-дуу күлгөн элди коштой өзү дагы жылмайып коюп сөзүн улады.
Sputnik

Трамптын бутуна даарат кагазы жабышып калды. Видео
Индияда белгилүү саясатчы Умар Сиддик шайлоочуларынын алдында сүйлөп жатып, шымы шыпырылып кетти. Окуянын видеосун LiveLeak видеопорталына күбө болгон адам жүктөдү.

Кадрлардан саясатчынын бапылдаган кебин шыпырылган шымы токтотуп койгонун көрүүгө болот. Ошол маалда ал микрофонду жардамчысына кармата коюп, дароо оңдонуп, түздөнөт. Кызыгы, өзүн "жоготуп" койбой уу-дуу күлгөн элди коштой өзү дагы жылмайып коюп сөзүн улайт.

Маалыматка караганда, окуя Джаспур шаарында болгон. Видеонун каарманы шаардык кеңешке аттанып жаткан саясатчы.