БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 10-11-ноябрь күндөрү Бишкекте өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын директорлоруна "Диний билим берүүнүн коомдогу орду" аталышында окуу семинарын өткөрөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Семинардын ачылышы борбор калаадагы "Биринчи кадам" медресесинде болот. Ага муфтий Максат ажы Токтомушев, "Дүйнөлүк Куран жана Сүннөт" уюмунун өкүлү, доктор Ахмад Сайфуддин Туркистаний катышат.
Анын алкагында окутуунун жаңы усулдары, программаларды жакшыртуу жана тереңдетип үйрөтүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен студенттердин кызыгуусун арттыруу, заманбап технологияларды колдонуу маселелери каралмакчы.