Тажикстандагы түрмөдө козголоң чыгарган 13 киши жок кылынды

Абактагы маалымат булагы түрмөдө отургандардын бири күзөтчүнүн автоматын жулуп алып, кайтаргандарды аткылагандыгын айтып берген.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Тажикстандын Кожент аймагында абакта чыккан козголоңдон түрмөдө отурган 13 киши каза тапканын РИА Новости Согду облусунун күч түзүмдөрүнө таянуу менен жазып чыкты.

Чүйдө ачкачылык жарыялаган камактагы 10 киши оозун тигип алды
Маалыматка ылайык, "Ислам мамлекетинин" мүчөсү, абакта отургандардын бири кароолчунун куралын тартып алып, ок чыгара баштаган. Козголоңчулар колониянын бир имаратын ээлеп алууга да үлгүргөн. Согду облусунун Ички иштер башкармалыгынын атайын кызматы окуяны баскан.

Тажикстандын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу башкармалыгы "окуя болгон жерде атайын тергөө тобу иштеп, козголоңдун себеби такталып жатканын айтты."