Октагонго чыкпайт! Мейвезер япониялык мушкер менен беттешүүдөн баш тартты

Мейвезердин айтымында, Насукаво менен беттешүүгө эч качан макулдук берген эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Америкалык боксчу Флойд Мейвезер япониялык кикбоксчу Тенсин Насукаво менен ММА эрежеси боюнча беттешпей калды. Бул туурасында спортчу Instagram баракчасына билдирген деп РИА Новости жазды. 

Анын айтымында, Насукаво менен беттешүүгө эч качан макулдук берген эмес. 

"Мен жакынкы күндөрү Японияга иш сапары менен барып, ошол жактан атаандашым тууралуу биринчи жолу уктум", — деген Мейвезер.

Ал кошумчалагандай, Rizin Fighting Federation уюму атаандашы менен үч раунддук кармаш өткөрүүнү суранган. Аны түз алып берүү пландалган эмес. Турнир көңүл ачуучу иш-чара сыяктуу өтмөк.

Мейвезердин командасы беттеш тууралуу пресс-конференцияда белгилүү болгонуна таң калган. Анын айтымында, билдирүү эки жактын макулдугу жок жарыяланган. Боксчу мындай ыңгайсыздык үчүн күйөрмандарынан кечирим сурады.

Нурмагомедов менен Мейвезер беттешеби? UFC жообу
Буга чейин бир катар ЖМКлар Мейвезер декабрь айында Японияда өтө турчу ММА мелдешинде 20 жаштагы Тенсин Насукаво менен беттешет деп жазып чыгышкан

Насукаво спорт дүйнөсүндө күчтүү кикбоксчу катары таанымал. Рингде 20 жолу, октагондо 4 ирет жеңишке жеткен.

Мейвезер болсо бокста 50 ирет утуп, бир да жолу жер караган эмес.

Күн мурун Мейвезерди мурдагы атаандашы Конор Макгрегор "жаныңдагы маскарапоз ким?" деп шылдыңдап жазган