ЖККУга төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өтөт

РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Казакстандын ЖККУга төрагалык учурунда жасаган иштерине оң баа берилгендигин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 7- ноя. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өтөрүн билдирди РФ президентинин жардамчысы Ушаков. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Биз Казакстандын ЖККУга төрагалык кылган учурда жасаган иштерине оң баа бердик. Эми бул вазийпа Кыргызстанга өтөт", — деп билдирген Ушаков.

ЖККУнун жаңы курамы 1999-жылы түзүлгөн. Анда Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттери ортосунда келишим түзүлгөн. Учурда аталган мамлекеттер ЖККУга мүчө болуп саналат.