БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Тажикстанда Facebook, "Одноклассники" тармактары менен YouTube видеохостинги чектөөгө алынды. Бул туурасында РИА Новости социалдык тармактарга VPN жана анонимайзер менен кирген колдоонуучуларга шилтеме кылып кабарлаган.
Тажикстандын Байланыш кызматы түзүлгөн кырдаал боюнча пикир айтуудан баш тартып, Бирдиктүү байланыш борборуна кайрылууну сунуштаган.
"Биз кардарларыбызды интернет менен гана камсыздай алабыз. Сайттарды жаап, тосуп салуу же аны кайра ачуу бизге байланыштуу эмес", — деген РИА Новостиге Бирдиктүү байланыш борборунун өкүлү.
Маалыматта андан сырткары, Viber, What"s App жана Telegram мессенджерин колдонууга мүмкүн болбой жатканы айтылган.