Радио

Шерматов: эмдөөгө келбегендик маалыматтын жетишсиздигинен болууда

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Шүкүр Шерматов эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын айтты.
Sputnik
Шерматов: эмдөөгө келбегендик маалыматтын жетишсиздигинен болууда

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрү эл менен тыгыз иштеп, эмдөөнүн артыкчылыгы тууралуу кенен маалымат берүүсү керек. Бул тууралуу Шерматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жер-жерлердеги тургундар өлкөнүн расмий булактарынын маалыматтарына караганда, интернеттеги такталбаган кабарларга көбүрөөк ишенет.

"Бардыгы маалыматтын жетишсиздигинен болууда. Жакын арада биз жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келдик. Мындай иш-чаралар Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында өттү. Андан жыйынтык чыгат деген үмүттөбүз. Чындыгында эмдөөдөн баш тарткандардын басымдуу бөлүгү динчил адамдар дегенден да алыспыз. Болгону түшүндүрүү, туура маалымат жеткирүү тиешелүү деңгээлде болбой жатат," — деди Шерматов.

Ал жарандар кеп-кеңеш алууда бир гана мамлекеттик, расмий маалымат булактарына кайрылуу зарылдыгын кошумчалады.