Чыңгыз Айдарбеков ЖККУнун Астанадагы отурумуна катышат

Анда уюмдун Коопсуздук кеңешинде карала турган ар тараптуу кызматташуу боюнча маселелер талкууланат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) отурумуна катышат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстанга Нурсултан Назарбаевдин келиши күтүлүүдө
Иш-чара 8-ноябрда Астана шаарында өтөт. Анда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин, коргоо министрлеринин кеңештеринин жана Коопсуздук кеңешинин катчылык комитетинин отуруму болот.

Катышуучулар ЖККУнун Коопсуздук кеңешинде карала турган ар тараптуу кызматташуу боюнча бир катар документтерди жана маселелерди талкуулашат.