БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Эртең, 8-ноябрда борбор калаанын айрым аймактарына электр энергия берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.
Жарык өчүрүлө турган көчөлөрдүн тизмеси:
— 09.50дөн 17.00ге чейин — Сүйүмбаев, Осмонкул, Киев, Сыдыков көчөлөрү жана Чүй проспектисинде;
— 10.00дөн 17.00гө чейин — "Бакай-Ата" конушунун Жээк, Кошой, Нооруз көчөлөрүндө.
Электр энергиясы оңдоп-түзөө иштеринен улам өчүрүлөт.