Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Мелдеш 15-18-ноябрь күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Борбордо бокс боюнча өлкө чемпионаты өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Мелдеш 15-18-ноябрь күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында болот.

Бишкекте дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт
Маалыматка ылайык, чемпионатка өлкөнүн бардык аймагындагы 19 жаштан 40 жашка чейинки спортчулар күч сынаша алат.

Эркектер сегиз салмак категорияда (46-52 кг, 57 кг, 63 кг, 69 кг, 75 кг, 81 кг, 91 кг, +91 кг), ал эми кыз-келиндер беш салмакта (45-49 кг, 57 кг, 64 кг, 69 кг, 75 кг) ат салышат.

Мелдешти өткөрүү үчүн Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан 50 миң сом каралган.