БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы тергөө башкармалыгы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү мамлекетке ири өлчөмдө зыян алып келгенин аныктады.
Анда Кылмыш-жаза кодексинин 304, 171, 189, 350, 306, 315-беренелери боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында ЖАМК көчмө механизациялашкан колоннасынын жана САСЭМ жабык акционердик коомунун оңдоп-түзөөсүнө аудит жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.
Учурда тергөө иштери уланууда.