Президенттин иш башкармалыгына жаңы жетекчи келди

Иш башкармалыкты сегиз жылдан бери жетектеп келген Туруспек Коеналиев октябрь айында ордун бошоткон.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik.Турдуназир Бекбоев КР президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мира Карыбаева президенттик аппараттагы бөлүм башчылыктан кетти
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Бекбоев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, эми президент менен өкмөттүн иш башкармалыгын жетектемей болду.

Буга чейин Бекбоев түштүк аймактын бир нече райондорунун акими болгондон тышкары, КРдин Айыл чарба жана мелиорация министри кызматын аркалаган.

2017-жылдын ноябрь айынан бери Мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы болуп келген.

Ал эми иш башкармалыкты сегиз жылдан бери жетектеп келген Туруспек Коеналиев октябрь айында ордун бошоткон.