"КМШ топ-модели-2018" сынагында кыргызстандык кыз эң ажарлуу деп табылды

Таажы жана баш байге үчүн өз өлкөсүнөн тандалган 30 профессионал модель ат салышты.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык модель Дара Вайсман "КМШ топ-модели-2018" эл аралык кароо сынагында "Мисс фотомодель" титулуна ээ болгонун Sputnik Армения басылмасы жазды.

Конкурстун финалы Ереванда өткөн. Ага постсоветтик жана Чыгыш Европадан келген моделдер катышкан. 10 миң арыздын ичинен 16 мамлекеттен 30 конкурсант тандалган. Алардын бардыгы өз өлкөсүндөгү тандоо турунда жеңип чыккан. Кыргызстандын атынан Дара Вайсман менен Малика Сыдыгалиева катышты.

1 / 5
Кыргызстандык модель Дара Вайсман "КМШ топ-модели-2018" эл аралык кароо сынагында "Мисс фотомодель" титулуна ээ болду
2 / 5
Конкурстун финалы Ереванда өткөн. Ага постсоветтик жана Чыгыш Европадан келген моделдер катышкан.
3 / 5
Кыргызстандын атынан Дара Вайсман...
4 / 5
жана Малика Сыдыгалиева катышты.
5 / 5
Биринчи орунда Россиядан келген Дарья Баранова таажы кийип, эл аралык сулуулук конкурстарына катышууга укук алды. Андан сырткары, демөөрчүлөрдөн дагы көптөгөн белектерди алган.

Биринчи орунда Россиядан келген Дарья Баранова таажы кийип, эл аралык сулуулук конкурстарына катышууга укук алды. Андан сырткары, демөөрчүлөрдөн дагы көптөгөн белектерди алган.

Ал эми Белоруссиядан келген Анна Пономарева биринчи вице-мисс деп табылды. Экинчи орунду Кристина Хомченко (Украина) алса, үчүнчү орун Сафина Гаибоваяга (Тажикстан) берилди.

Ал ортодо Бишкекте "Кыргызстан сулуусу — 2018" сынагы жыйынтыкталды.