Тойдо чектен аша бийлеген жаштарды таяк менен кубалаган карыянын видеосу

Интернет колдонуучуларынын жазышынча окуя Кыргызстанда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Социалдык тармакта тойдо кыналыша бийлеп жаткан жаштарды таяк менен кубалаган аксакалдын видеосу тарап жатат.

Кадрда ортодо бийлеп жаткан жаштарга таягы менен тап берген аксакалды көрүүгө болот. Кыз менен жигит карыядан качып кутулат.

Интернет колдонуучуларынын жазышынча окуя Кыргызстанда болгон. Комментарий жазгандардын көбү аксакалды колдоп, туура кылганын белгилешүүдө.