Министрлик: жугуштуу оорулар күч алды

Бейтаптарды кабыл алуу үчүн Республикалык дерматовенерологиялык борборунда кошумча 35 орун түзүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Жугуштуу оорулардын күч алып жатканын эске алуу менен жана ооруканаларда орундардын тартыштыгынан улам Республикалык дерматовенерологиялык борборунда кошумча 35 орун түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тийиштүү буйрукка министр кол койгон.

Оторбаева: бир киши сасык тумоону 10 адамга жуктурушу мүмкүн
Кабыл алуу бөлүмүнө негизинен саат 18:00дөн 23:00гө чейин бейтаптар көп келгендиктен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Кыргыз-орус Славян университетинин жугуштуу оорулар кафедраларынын башчыларынын макулдугу менен ассистенттер жана клиникалык ординаторлор тартылууда. Ошентип күндүз кабыл алуу бөлүмүндө 6-8 дарыгер иштесе, түндө 4 жана дем алыш, майрам күндөрү 5 дарыгерден иштешет.

Андан сырткары, республикалык диагностикалык борбордо эпидемиологиялык абал курчуп, сасык тумоо күч алган учурда балдарды кабыл алуучу үч кабинет ачуу маселеси каралып жатат.

Саламаттык сактоо мекемелеринде бейтаптарга жардам берүү чаралары күчөтүлдү.