БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет.
Андан сырткары, ноябрдын башында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алат.
Календарга ылайык, быйыл 14 күн кызыл менен белгиленген.
Майрам күндөрүнүн тизмеси:
1-январь — Жаңы жыл;
23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнү;
8-март — Аялдардын эл аралык күнү;
21-март — Нооруз;
7-апрель — Апрель элдик революция күнү;
1-май — Эмгек майрамы;
5-май — Кыргызстандын Конституция күнү;
9-май — Жеңиш күнү;
31-август — Кыргызстандын эгемендик күнү;
7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.
Ай календары боюнча аныкталуучу "Орозо айт" жана "Курман айт" мусулмандардын майрамы жана 7-январь Иса пайгамбардын туулган күнү (Рождество) да майрам күндөрү болуп саналат.