БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Македониядагы Тетово шаары Европадагы эң булганыч шаар деп табылды. Бул рейтинг Pollution Index 2018 Mid-Year тарабынан аныкталып, numbeo.com. сайтына жарыяланганын РИА Новости жазып чыкты.
Тетово шаарынан кийинки эки орунду Италиянын Неаполь шаары менен Македониянын борбору Скопье ээлеген. Тизменин сап башында турган шаардын булганыч индекси 97,57 упайды түзсө, Неаполдуку 84,61, ал эми Скопьеники 82,17ни түзгөн.
Ал эми Москва 19-орунда турса, Санкт-Петербург 17-орунду ээледи.
Делиде болсо абанын булганышы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилеген нормадан 25 эсеге жогорулаган.
Анализдин жыйынтыгы боюнча Европа шаарларынын ичинен экологиялык жактан таза, жашоого жагымдуу деп Финляндиянын Хельсинки, Исландиянын Рейкьявик, Швейцариядагы Цюрих шаарлары аталды.