Радио

Шергазиев: динде оорунун алдын алуу керектиги айтылган

Кыргызстан муфтийинин орун басары Жоробай Шергазиев ислам дининде эмдөө зыян келтирбей турган болсо, ага тыюу салынбай турганын айтты.
Sputnik
Шергазиев: динде оорунун алдын алуу керектиги айтылган

Ислам дининде оорулардын алдын алуу керектиги айтылат. Эгерде эмдөө адамдын саламаттыгына терс таасирин тийгизбесе, анда ага каршылык жок. Бул тууралуу Жоробай Шергазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дин башкармалыгына аталган медициналык процедура боюнча кеңеш сурап көп ата-энелер кайрылышат.

"Эмдөө жолу менен айрым оорулардын алдын алуу керек. Буга дин тыюу салбайт. Болгону бизде анын зыянынан пайдасы көп болсун деп айтылат. Айрым учурларда коом үчүн өтө коркунучтуу оорулардын эпидемиясы күч алат. Бул — мамлекет, анын жарандары үчүн кооптуу. Мындай учурда эмдөөдөн өтүү керек. Мисалы, ажылык сапарга барардан мурда сасык тумоого жана менингит оорусуна каршы эмдөөдөн өтүшөт. Аны менен оору жок болуп кетпейт, болгону сыркоо жеңил формада өтөт. Бул Сауд падышачылыгынын талабы менен жүргүзүлөт. Ажылыкка аттангандар бул талапты аткарып эле жатышпайбы," — деди Шергазиев.

Ал диний мекемелерде эмдөө динге каршы келерин дин аалымдары айтып жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбестигин кошумчалады.